Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

15:34 Акбар Сарманбетовдун өлүмүнө байланышкан соттук териштирүү аягына чыга элек


Соттук териштирүү 20 жаштагы Акбар Сарманбетовдун өлүмүнө байланыштуу жүрүп жатат. Адвокат Нина Зотованын белгилешине караганда 8- май күнү Сокулук районунун Маловодная айылындагы кыргыз жаштары менен уйгур улутундагы жаштар ортосунда уруш чыгып, анда Акбар Сарманбетов башынан жана ички органдарынан өтө катуу жараат алган. 10- майдын таңында ата-энеси Акбардын сөөгүн өз үйүнөн табышкан. Баланын денеси ошол күнү медициналык экспертизага берилип, анда жүрөк оорудан каза болду деп далилденген. Бирок сөөк коюлаар алдында күбөлөр келип, Акбар Сарманбетовдун жүрөк оорудан эмес катуу токмок жеп өлгөнүн айтышкан. Шектүү деп саналгандар бир топ күндөн кийин камалган. Бүгүнкү күнгө чейин соттук териштирүү аягына чыга элек. Каза болгон баланын атасы айыпталуучулар тарабынан пара берилген, ошол себептүү иш улам артка жылдырылып жатат деп белгилөөдө. Ал эми айыпталып жаткан тараптын адвокаты Хайдар Касымов тергөөчүгө пара берилди деген арыз эч далилсиз деп белгилеп, соттук териштирүүдө өтө одоно каталар кетип жатканын айтууда. Сот иши судьянын келбегенинен улам дагы артка жылдырылды. (JJ)

XS
SM
MD
LG