Аталган өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин Азия боюнча атайын өкүлү Жоао Гвалберто Маркус Портонун Бишкектеги иш сапары кечээ башталган. Бул күнү ал тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Бразилиянын өкүлү бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министри жана өнөр жай, энергетика министринин орун басары менен жолугушууларды өткөрөт.(SM)