Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

«Фарда» радиосунун кабарчысы Парназ Азима Ирандан чыгып кетти


Иран бийлиги аны сегиз айга жакын убакыттан бери өлкөдөн чыгарбай кармап турган. АКШ менен Ирандын кош жарандыгы бар бул кабарчы январь айында Тегеранга ноокастаган энесин көргөнү барган учурда Иран бийликтери ага улуттук коопсуздукка байланышкан мыйзамдарды бузган жана Иран тууралуу туура эмес маалымат тараткан деген айып тагып, үй камагына алган эле. «Азаттык жана Эркин Европа» радиосунун президенти Жеф Гедмин Парназ Азиманын бошотулганын кубаттап, бирок кабарчыга коюлган айыптар алынбаганына кабатырланганын билдирди.

XS
SM
MD
LG