Борбор Азия Америка университетинде акыркы бир канча жыл аралыгында Тажикстандык 58 студент билим алып чыккан. Алардын көбү «Агахан» корунун грантынын эсебинен окушат. Кыргызстандын окуу жайларында «Агахан» корунун эсебинен окуган студенттердин координатору Ошик Ошиковдун айтымында, Тажикстанда мыкты жумушка орношууда Кыргызстандан бүтүп келген студенттерге артыкчылык берилет. Бул тууралуу Борбор Азия Америка университетинин маалымат кызматы билдирди. (IJz)