Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

13:03 Аламүдүн районундагы бузулган үйлөрдүн ээлери чатырларда жашап жатат


Бул туурасында үй куруучулардын башын кошкон «Кербентай» коомунун жетекчиси Уулкан Чомоева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнө караштуу Аларча суусун бойлой салынган токсондон ашык тамдар жана пайдубалдар 10- сентябрь күнү толугу менен буздурулган. Бүл жердегилердин көбү дээрлик таштандылар арасынан картон кагазын чогултуп жан баккандар, азыр алардын бараар жери жок, чатырларда жашап жатат. Учурда үй куруучулар жергиликтүү бийликтин мындай чара колдонушун адам укугун басмырлоо катары баалап, президентке жана укук коргоочуларга кайрылуу даярдап жатышат. Ал эми жергиликтүү бийлик мыйзамсыз салынган үйлөрдүн буздурулушу тартип орнотуу чарасы деп түшүндүрүүдө. Себеби башка облустардан келгендердин көбү Чүйдүн Сокулук жана Аламүдүн районуна басым таштап, мыйзамсыз тамдар арбын курулган. (JJ)

XS
SM
MD
LG