Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

13:55 А. Жекшенкулов: Кыргызстанда Казакстандагыдай бир партия түзүүгө экономикалык, саясий шарт жок


Саясат таануучу Аликбек Жекшенкуловдун көз карашында президенттин айланасында «Эмгек жана биримдик», «Жаңы кыймыл» өңдүү бийликке ыктаган саясий партиялар бир партияга биригиши мүмкүн. Административдик ресурс күчтүү деп эсептеген талдоочу президенттик партияга башка саясий партиялардын биригишин да жокко чыгарбайт. Мындай шартта саясий күрөшкө оппозициялык туруштук берүү үчүн оппозициялык партиялардын да өз ара биригүүсү шарт болуп калат. Талдоочунун баамында шайлоого чейинки эки жыл аралыгында Нурсултан Назарбаевдин «Нуротан» партиясы өңдүү партияны Кыргызстанда түзүү мүмкүн эмес. (BuS)

XS
SM
MD
LG