Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

18:10 Нарында жергиликтүү Кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин саны жетишсиз болуп калды


Мындай маалыматты бүгүн Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев “Азаттыкка” билдирди. Ыйгарым мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу 7-октябрда Нарын облусунан жалпысы он айылдык кеңешинде депутаттарды шайлоо болот. Ал эми Жумгал районундагы Кызыл Жылдыз айылдык кеңешинде төрт округдан эки округдун, Чоңдөбө айылдык кеңешинде төрт округдан үч округдун, жана Ташдөбө айылдык кеңешинде үч округдун баарында тең депутаттык мандаттар үчүн талапкерлер саны толбой калган. "Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады, бирок дагы үч күн узартабыз, болбосо талапкерлерди каттоо 20 күнгө жылдырылат. Талапкерлер көрсөтүлүп, бирок күрөөгө келгенде көпчүлүгү баш тартышууда,"- дейт Аманкул Молдалиев. Айтмакчы, азыркы шайлоо кодекси боюнча талапкерлер 3400 сом күрөө акысын төлөшү керек. (KUs)

XS
SM
MD
LG