Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ХЕЛЬСИНКИ ФЕДЕРАЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЛҮМ КЕЗЕГИНДЕ ТУРГАНДАРДЫН ТАГДЫРЫНА ТЫНЧСЫЗДАНАТ


Кыргызстанда кийин кабыл алынган жаңы Конституция жана анын жаңы редакциясы Конституциялык Сот тарабынан күчүнөн кетирилди. Ушундан улам соңку Конституциянын негизинде өлүм жазасынан арылган 200гө чукул айыпкердин өмүрү кайра бычактын мизинде калды. Ушуга байланыштуу Адам укуктары боюнча Эл аралык Хелсинки федерациясы терең тынчсыздануу билдирүүдө.Жаңыл Жусубжан менен маегинде федерациянын Борбор Азия боюнча координатору Мария-Луюз Баскур буларга токтолду.

Баскур: Эл аралык Хелсинки федерациясы кырдаалга өтө тынчсызданып жатат. Себеби өткөн жылдын декабрында кабыл алынган жаңы Конституцияда өлүм жазасын күчүнөн кетирүү жаатында өтө позитивдүү кадам жасалган болчу. Азыр түзүлгөн кырдаалдан улам биз мыйзамдык туңгуюкка кабылдык. Өлүм кезегинде турган 174 адам эми өлөбү, тирүү калабы билбей калышты. Алар абалы кандай болоорун билишпейт. Мындай абалда калтыруу өтө таш боордук болуп саналат жана адамгерчиликке жатпайт. Ошондой эле мыйзамдык көз караштан алганда, соттор жаңы айыпкерлерди өлүм жазасына тарта алат, демек өлүм кезегинде тургандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Бизди ушул нерселер өтө тынчсыздандырат.

Азаттык: Кыргыз бийликтеринде өлүм жазасынын күчүнөн кетирилишине саясий ниет жетиштүү деп ойлойсузбу?

Баскур: Парламентте бардык тараптан буга күчтүү колдоо болгон. Жашоого болгон укукту коргоо тууралуу Кыргызстандын калкы арасындагы жана парламенттеги консенсусту саясат бузбайт деп үмүттөнөбүз.

Азаттык: Кеңири контексттен караганда, Түркмөнстан өлүм жазасына баш тарткан, Казакстан менен Тажикстанда мораторий коюлган, Өзбекстан гана жогорку жазаны колдонууну улантып жатат. Ушул көз караштан алганда Борбор Азияда бул жазаны күчүнөн кетирүү жаатында соңку кездери оң жылыштар болуп жатабы, же тескери кеткен тенденцияны байкадыңарбы?

Баскур: Жок, жалпы тенденция оң жакка бараткан. Өзбекстандан башка бардык өлкөлөр өлүм жазасына мораторий киргизишкен. Иш жүзүндө 2002-жылы бул жазаны күчүнөн кетирген Түркмөнстанды эске албаганда, Кыргызстан жол көрсөтүп келаткан. Ошондуктан, жогорку жазаны калыбына келтирүү жакты көздөй жасалган кадам тынчты алууда. Мындан тышкары Борбор Азияда түрмө шарттары начар экендигин эске алышыбыз керек. Кыргызстан менен Казакстанда мораторийдин убагында өлүм жазасына кесилгендер түрмөдө кала беришет. Начар түрмө шартында, же өлөөрүн, же тирүү калаарын билбей күн өткөрүшөт. Азыр эми өлүмдөн кутулдук деп жатышканда, кайра өлүм жазасына тартылуу коркунучуна туш келишүүдө. Адам укуктарынын көз карашынан алганда, биз муну кабылдоого болбой турган абал деп эсептейбиз.

Азаттык: Кыргызстанда укук коргоочулар өлүм жазасын күчүнөн кетирүү үчүн кыйла убактан бери күжүрмөн күрөш жүргүзүп келишкен. Бирок алардын кубанычы узакка созулган жок. Азыр алар, жалпы эле коомчулук кандай стратегияны колдоого алышы керек деп ойлойсуз?

Баскур: Биринчи кезекте ынтымакташып, өтө күчтүү бир позициядан чыгыш керек. Парламентти, президентти, саясий партияларды 2006-жылдагы конституциялын мыйзамдуу жол менен калыбына келтирилиши үчүн колдон кылган аракетин кылууга, өлүм жазасын жою боюнча укуктук жетишкендиктердин күчүнөн кетишине жол бербөөгө чакыруу зарыл.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG