Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

14:30 ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны аяктады


Жыйында мамлекеттер аралык актылар, Ооганстандагы мамлекеттик түзүлүш абалы, жалпысынан 17 маселе каралып, пикирлерибиз бир жерден чыкты, деп билдирди коопсуздук катчысы Токон Мамытов. Ал эми ЖККУнун баш катчысы Николай Бардюжа Ооганстандагы абал турукташты дегенден алыс экенин, талибдердин согушчул аракеттери активдешип жатканын билдирди. Анын айтымында, Ооганстан мамлекеттик мыйзамдык негизин түзүп, тартипти коргоону жолго коюу үчүн күч органдарын күчөтүү зарыл. Болбосо ЖККУга мүчө мамлекеттердин күчү менен Ооганстандагы абалды калыбына келтириш кыйын. Бардюжанын пикиринде, негизги коркунучтар экстремисттик уюмдардын күч алышы, айрым өлкөлөрдүн уруш чыгаруу жаатындагы дымактуу билдирүүлөрү, НАТОнун Европа аймагында ракетага каршы базаларды ачуу, террорчу-жанкечтилердин көбөйүп баратканы. (AJ)

XS
SM
MD
LG