Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

15:14 К. Осмоналиев: Мектептерде мугалимдердин санын көбөйтүш керек

19-сентябрь күнү Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, аймактрадагы ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөрүп, алардын аткарган иштери тууралуу жыйынтыгын жана сунуш пикирлерин угуп алардын алдында төмөнкүдөй максаттарды койду:

- республиканын бардык аймактарындагы мектептерди жаңы мугалимдер менен камсыз кылуу үчүн, мектептерге жыл сайын педагогикалык факультеттин бүтүрүүчүлөрүн жиберип туруу;
- мугалимдерди даярдоодо областык жана аймактык билим берүү бөлумдөрү, мектеп директорлору менен тыгыз байланыш түзүү;

Ошондой эле жолугушууда октябрь айында Президенттин катышуусу менен жалпы республикалык мугалимдердин экинчи жыйынын жана ноябрь айында Республикалык илимий форумун өткөрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматынан кабарланды. (ESu)
XS
SM
MD
LG