Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

16:30 Миңкуш-Бишкек автожолунда абал оор


Жумгал районунун Чаек айылынын айдоочулары бүгүн маалымат жыйынында Миңкуш-Чаек-Бишкек автожолунун бузулуп, оор абалга келгенине өкмөттүн көңүл бурбай жатышына нааразылык билдиришти. Алардын айтымында, жолду оңдоп түзөө иштерине мамлекеттен бөлүнүүчү 14 млн. сомдун 3 млн. сому эле бөлүнгөн. Учурда кан жолдо жүрүү мүмкүн болбой калгандыктан айдоочулар жергиликтүү депутаттардан жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн комиссия түзүп, Жумгалдагы ДЭУ-24 мекемесинин иш аракеттерин текшертүүнү, мамлекеттен бөлүнгөн каражатты толук берүүнү бийликтин көңүл алуусун өтүнүштү. Ошондой эле Каракече кенин иштеткен “Шарбон”, “Ак жол”, “Беш сары” фирмалары жылына 3 млн. сом каражатты жолду оңдоого бөлүп туруу сунуштарын айтышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG