АКШ президенти менен Палестин автономиясынын башчысынын жолугушуусу БУУнун башкы ассамблеясынын жыйыны жүрүп жаткан Нью-Йоркто эмки дүйшөмбүдө өтмөкчү. АКШ мамлекеттик катчысы Кондализа Райс Жакынкы Чыгышка жасаган жакындагы сапарында бул аймактагы кырдаал боюнча ноябрь айында Вашингтондо өтчү конференцияда Палестин мамлекетин түзүү боюнча конкреттүү кадамдар тууралуу маселе талкууланарына Махмуд Аббасты ишендирген.