АКШ президенти бул тууралуу кечээ Вашингтондогу маалымат жыйынында билдирди. Жорж Буш ошондой эле Түндүк Корея да өзөктүк курал түзүү аракетинен толугу менен баш тартаарына жана бул багыттагы технологиясын башка мамлекеттерге бербестигине үмүт артаарын айтты. АКШ президенти ошондой эле журналисттердин Ирактагы кырдаалга жана Американын экономикасына байланышкан суроолоруна да жооп берди.
Жорж Буш Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы маселе дипломатиялык жол менен чечилишин колдойт