Мындай эсепти өкмөт алдындагы дин иштер агенттиги Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы менен бирге чыгарган жана ал Меккеге ажылык сапарды уюштурган сынактан жеңип алган он жети туристтик уюм менен макулдашылган. Аталган агенттик менен Сауд Арапстандын ажылык иштери боюнча министрлиги ортосунда түзүлгөн келишим боюнча быйыл Кыргызстандан төрт жарым миң киши ажылыкка Меккеге бара алат. (EBM)