Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

11:40 БШК: Референдум өткөрүүгө 58 млн сомдон ашуун каражат сарпталат


Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кеңешмесинде Конституциянын жаңы редакциясынын долбооруна жана Шайлоо Кодексинин жаңы долбооруна байланыштуу референдум өткөрүүгө 58 млн. 573 миң 680 сом каражат жумшалары бекитилди. Ошондой эле БШК референдум өткөрүүнүн календардык планын да бекитти.БШКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2 млн. 700 миңден ашуун шайлоочу, 2 миңден ашуун шайлоо участоктору, 7 облустук жана 2 шаардык шайлоо комиссиялары бар. Референдумга убакыттын чукулдуганан шайлоо комиссияларын түзүү 31-сентябрга чейин узартылды. Референдум 1991-жылдагы “Рефререндум жөнүндө” мыйзамга ылайык өткөрүлө турган болду. Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясынын долбору бүгүн коомчулукка жарыяланды.(AJ)

XS
SM
MD
LG