Бул жөнүндө маалыматты бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө Чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик чек араны талаптагыдай коопсуздукта кармап кайтаруу үчүн 27 миң аскер керек. 2000-жылы германиялык эксперттер Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кайтаруу проблемаларын изилдеп иликтеп чыкканда ушундай тыянакка келишкен. (KCh)