Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

14:10 Азия чемпиону Алексей Крупняков Бакыда коло медаль үчүн күч сынашат


Бакыда өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнөлүк чемпионатта бүгүн Азиянын чемпиону, мурдакы жылкы дүйнө биринчилигинин коло байге ээси Алексей Крупняков өлкөнүн намысын коргоп, коло медаль үчүн күч сынашат. Ал алгачкы беттешүүдө йорданиялык Аль Марафини ишенимдүү утуп, экинчи беттешүүдө кубалык атаандашы Батиса Мартинезини дагы жеңип алды. Чейрек финалда Алексей грузиялык балбан Г. Гогшелидзени дагы аротыкчылык менен жеңип чыкты. Жарым финалга чыгуу үчүн таймашта кыргызстандык Алексей Крупняков украиналык В.Тесмунетскийдин далысын килемге тийгизип, жарым финалга чыкты. Жарым финалда ирандык Абрахимге аз упай менен алдырып коюп, эми кечинде коло байге үчүн күрөшмөк болду.(КМа)

XS
SM
MD
LG