Өлкө башчысы сунуш кылган долбоордо бийликти бир колго өткөрүү аракети күч экендиги көрүнүп турат. Кийинчерээк ага нааразы болгон эл көтөрүлүп чыгышы толук мүмкүн, деп билдирди Конституция боюнча эксперт Гүлнара Искакова бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, референдумга сунушталган Конституциянын жаңы редакциясынын долбооруна альтернативдик вариант да болушу керек. “Референдумга коюлган Конституциянын долбоорунда президенттик-парламенттик система сакталып, өкмөттүн ишине президент дагы, парламент дагы жоопкерчиликти албайт. Бул долбоордо 2003-жылдагы Конституциянын көп жоболору сакталып, Казакстандын Конституциясынын айрым жерлеринен, Алмаз Атамбаевдин сунуш кылган Баш мыйзамдын долбоорунан да камтылыптыр”,- дейт Исакова. (AJ)