Бул тууралуу конституциялык соттун төрайымы Чолпона Баекованын 20-сентябрда президент Курманбек Бакиевге жолдогон катында айтылат. Анда ноябрь жана декабрь канституцияларын жокко чыгарган конституциялык соттун чечимин мыйзамсыз деп тапкан Жогорку Кеңештин токтому бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүү принциптерин толугу менен тоготпогондукка жатат деп белгиленген. Ч. Баекованын сөзүнө ылайык, Конституциялык сотун судьялары өз милдеттерин аткарууда жалгыз гана конституцияга баш ийишет жана алардын ишинине кандай формада болсо да жолтоо болуп кийлигишүү мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Ушундан улам конституциялык соттун төрайымы президенттен депутаттардын мындай ачууга алдырып кабыл алган токтомунан улам керектүү чара көрүүсүн өтүнгөн. (EBM)