Айылдарды инвестициялоо долбоорунун адиси Малик Сулайманов берген маалыматка караганда, быйылкы жылы бул инвестициялык долбоор аркылуу облус боюнча 33 млн. 430 миң сомдук өлчөмдө каржылоо жүргүзүлүп, натыйжада 235 курулуш жайда иштер жүрүүдө. Бирок атайын техникалардын жетишсиздигинен, жамааттык салымдардын учурунда чогултулбагандыгынан, курулуш материалдардын баасынын кымбаттоосунан, айыл өкмөттөрдүн, жергиликтүү бийликтин кош көңүлдүүлүгүнөн улам жыл этегине дейре 50гө жакын курулуш жайларда белгиленген жумуштар аткарылбай калышы күтүлүүдө. Ал эми облустук курулуш жана архитектура көзөмөл башкармалыгынын акими Болот Байкубатов АРИС аркылуу каржыланып курулуш жүрүп жаткан жайлар "ашар" ыкмасында долбоорсуз деп белгиледи. (KUs)