ВАШИНГТОН. Иранды өзөктүк куралдарды чыгарууга аракеттенип жатат деп айыптаган президент Николя Саркози Иранга каршы санкцияларды мурдагыдан да катуулатуу керек деп айтты. Бүгүн Британиянын, Кытайдын, Франциянын, Германиянын, Россиянын жана АКШнын өкүлдөрү уран байытууну токтотпогондугу үчүн Иранга каршы санкцияларды күчөтүү маселесин карашат.