Референдум чындап эле элдин эркин билгизсин десе президент да Жогорку Кеңеш да ушундай кадамга барышы керек, деп жазылат партия тараткан бүгүнкү билдирүүдө. Анда референдумда конституция долбооруна альтернативдик варианттын жоктугу элдин тандоо укугунан ажыратаары айтылып, Шайлоо кодекси баш мыйзамдан кийин кабыл алыныш керек деген сунуш киргизилген. Конституция долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары олуттуу күчөтүлгөнү белгилеген. (EBM)