Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча, 23-24-сентябрь күндөрү Талас, Чүй, Нарын, Ысыккөл облустарында 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү жыйнала элек жашылча-өсүмдүктөрүнө залакасын тийгизиши мүмкүн.

23-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20 градус.
Баткен, Ош, Жалалабат өрөөндөрүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24 градус.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21 градус.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус.

XS
SM
MD
LG