Нью-Йоркто башталып жаткан эл аралык конфенрецияда Ооганстандагы кайра куруунун жүрүшү талкууланат. Ооган президенти Хамид Карзай жана БУУнун баш катчысы Бан-Ки-Мун тең-төрагалык кылган жыйында биринчи кезекте ооган коопсуздук күчтөрүн түзүү жана апийим өндүрүшү менен күрөш тууралуу сөз болот. БУУнун коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн өкүлдөрү, Азиялык өнүгүү банкынын, Евросоюздун, НАТОнун жана Дүйнөлүк банктын кызматкерлери катышат деп күтүлүүдө.