“Атуулдук платформа”, “Интербилим” коомдук уюмдары, “Адилет” укуктук клиникасы жана башка бир нече укук коргоочу уюмдар 21-октябрга чейин коомчулук Башмыйзамдын жаңы долбоору менен таанышып үлгүрө албай тургандыгына тынчсызданышууда. Алардын белгилөөсү боюнча тез аранын ичинде шашылыш түрдө референдумдун мөөнөтүн аныктоо менен президент коомчулуктун долбоор менен таанышып чыгуусуна тоскоол болууда. Укук коргоочулар кайрылуусунда Референдумга даярдануу мөөнөтүн узартууну талап кылышып, эгер талабы каралбаса, 2005-жылы мартта аянтка чыккан элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн президенттин бийлигинин легитимдүүлүгүнө ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришкен. (ZKo)