Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Улуттар уюмунда бүгүн климаттын өзгөрүшү боюнча саммит болот


Ага 80дей мамлекет башчысы, 154 өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун өткөрүп жаткан бул конференциянын максаты глобалдык жылуулукка өбөлгө болгон булганыч газдардын өлчөмүн кыскартуу боюнча мунаса табуу. Буга чейин ушул багытта кабыл алынган эл аралык документ Киото протоколун алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрү быйыл декабрда Индонезияда башталмакчы. Башкатчы Пан Ги Мун ал өнөр жайлуу ири өлкөлөр булганыч газдардын өлчөмүнүн мындан аркы кыскаруусу боюнча милдеттенме алуусун көздөп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG