Жыйында ошондой эле ооган өкмөтүнүн дарегине башкарууну жакшыртууга, коррупцияны жана наркосооданы жоюууга көбүрөөк көңүл буруу чакырыктары айтылды. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жана ооган президенти Хамид Карзай төрагалык кылган кеңешмеге жыйырма төрт тараптын, анын ичинде АКШ, Пакистан, Иран жана бир катар эл аралык мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Ооганстан боюнча Улуттар уюмунда өткөн жогорку деңгээлдеги жыйында бул өлкөдөгү экстремисттердин террордук аракеттери айыпталды