Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад Нью-Йоркко келди


Иран президентинин Колумбия университетинде бүгүнкүгө белгиленген сөзү Кошмо штаттарда кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Университет өз чечимин сөз эркиндигине байланыштырды. Ал эми мындай чечимди кескин сынга алгандар Иран президентин Холокосту жээригени, Израилди дүйнө картасынан жок кылуу жөнүндөгү билдирүүлөрү жана өзөктүк курал жасоого умтулуп жатканы үчүн айыптоодо. Нью-Йоркко келээр алдында америкалык Си-Би-Эс телеканалына берген интервьюсунда Ахмадинеджад Иран менен АКШ согушка бара жатат деп эсептебесин билдирди. Ал БУУнун Башкы ассамблеясында эртең сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG