Мындай пикирди депутат Бектемир Мурзубаримов бүгүн билдирди. Анын маалыматы боюнча, Ошто бир «лепешка» 5 сомдон 10 сомго , патир нандар 35-40 сомго чыкты. Нан азыктарынан сырткары сүт, май да өтө кымбаттады. Мунун айынан көп балалуу үй бүлөлөр, жакырлар өтө катуу кыйынчылыкка туш келүүдө. Ошондуктан аларга даректүү жардам, же карточка системасын киргизүү зарыл, деп белгиледи Мурзубраимов. (AiT)