Мындай пикирин депутат Азимбек Бекназаров бүгүн рефрендумга белгиленген конституциянын долбоорун талкуулоо учурда билдирди. Бекназаровдун пикиринде, бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда президенттик-парламенттик бийлик системасы орнойт. Президенттин ыйгарым-укуктары көбөйтүлөт. Жыйынтыгында конституциялык реформаны артка кайтуу катары баалаган Бекназаров, ага мисал катары жергиликтүү бийлик органдарынын өз алдынчалыгынын жоюлушун, президенттин ыйгарым-укуктарынын көбөйтүлүшүн атады. (AiT)
10:40 21-октябрга белгиленген референдум саясий жактан туура, бирок юридикалык жактан катасы арбын