Талкуу «Достук» мейманканасында жүрүп, ага оппозициялык саясатчылар, «Интербилим», «Адилет» жана башка өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү катышууда. Талкуунун жыйынтыгы боюнча президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынаары белгиленүүдө. Анда 21-октябрга белгиленген референдумду кечирээк мөөнөткө которуу, долбоорду оңдоп-түзөө талаптары коюлмакчы. (AiT)