Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

17:46 Акбар Сарманбетовдун өлүмүн териштирип жаткан сотко ишеним көрсөтпөй коюшту


Каза болгон баланын атасы Айдарбек Сарманбетовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жабырлануучу тарап бүгүн райондук соттун судьясы Тыныбек Бекешовго ишеним көрсөтпөгөндүктөн, сот иши дагы артка жылдырылды. «Биз Чүй облустук сотуна кайрылабыз, себеби шектүү деп кармалып жаткан адамдардын жакындары соттун судясынан бери сатып алышкандыгы ачыктан- ачык көрүнүүдө»,- дейт каза болгон баланын атасы. Ал эми айыпталуучулар тараптын адвокаты Хайдар Касымов сотторду, тергөөчүлөрдү сатып алды деген сөз курулай доомат экенин, айыпталуучунун ата- энесинин карапайым гана жумушчу экендиги менен түшүндүрүүдө. Ушул жылдын 8- май күнү Сокулук районунун Маловодная айылындагы кыргыз жаштары менен уйгур улутундагы жаштар ортосунда уруш чыгып, анда Акбар Сарманбетов башынан жана ички органдарынан өтө катуу жараат алган. 10- майдын таңында ата-энеси Акбардын сөөгүн өз үйүнөн табышкан. Азыр кылмышка шектүү деп кармалгандардын бирөө убактылуу кармоочу жайда олтурат.(JJ)

XS
SM
MD
LG