Коммунисттер президент менен өкмөткө жана Жогорку Кенешке жиберген кайрылууда кымбатчылык элдин кыжырдануусун пайда кылып, мындай кырдаалдын жаралышына чиновниктердин күнөөсү бар экени белгиленген. Анда коюлган талаптарга ылайык, тез арада азык-түлүк баалары ооздукталып, жакыр жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүп, пенсия менен жөлөк пулдарды 50-60 пайызга көбөйтүү зарыл. Кайра бөлүштүрүү корундагы жерлерди саткандар менен мыйзамсыз иштеткендерге чара көрүү, тарыхый эстеликтерди коргоо, паспорт берүү үчүн акча алууну токтотуу өтүнүчтөрү да бар. (YA)