Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурлан Токтоматов Керметоо шайлоо округу боюнча депутаттыка талапкер жубайы Бегай Токтомаматованын пайдасына административдик ресурстарды колдонууда деп айыпталууда. Бул туурасында Жогорку Кеңеш депутаты Алишер Сабиров 24-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Парламентарий ошондой эле атка минер айрым кишилерге кызмат убада кылып жаткандыгын да каңкуулады. Керметоо шайлоо округунун төрагасы Адыл Мырзаев азырынча шайлоочулардан, же талапкерлерден арыз түшпөгөндүгүн, бирок аталган агенттиктин кызматкерлери Аравандын мамлекеттик мекеме, ишканаларын текшерип жүрүшкөндүгүн уккан. (АТо)