НЬЮ ЙОРК. Нью Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди Коргоо Уюму АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райстан түркмөн журналисти, Азаттыктын кабарчысы Огульсапар Мурадованын өлүмү жөнүндөгү маселени ушул аптада Нью-Йоркто президент Курбангулы Бердымухамедов менен боло турган сүйлөшүүдө көтөрүүсүн талап кылды. Журналист ушул 2006-жылы сентябрь айында түрмөдө белгисиз себептер менен каза болгон. Укук коргоочулардын айтымында, Мурадова жалган жалаа боюнча соттолуп, 6 жылга кесилген.
Укук коргоочулдар АКШдан Азаттыктын журналистинин өлүмү жөнүндөгү маселени козгоону талап кылышты