Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:26

8:15 Аманбек Карыпкуловдун адвокаты Галина Скрипкина билдирүү таратты


Кечээ кечке жуук таратылган билдирүүсүндө адвокат Кыргызстандын Баш прокурору Элмурза Сатыбалдиев сентябрь айынын башында берген маалымат жыйынында Аманбек Карыпкуловду Аксы окуясына байланыштуу негизсиз күнөөлөдү деп эсептейт. Баш прокурор соттун чечимисиз бир да жаранды күнөөлүү деп айтууга болбой тургандыгын билиши керек эле, деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле адвокат Баш прокурор туура эмес маалымат таратып, жок жерден айып такканы үчүн Аманбек Карыпкуловдон кечирим сурап, аны жоопко тартуу тууралуу сотко жиберилген прокуратуранын токтомун кайра чакыртып алууга жана кызматынан кетүүгө тийиш, деп эсептейт.
Аксы окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты Сартбай Жайчыбеков болсо 2002-жылдын 17-18-мартындагы кан төгүүгө Аманбек Карыпкуловдун түздөн-түз күнөөсү бар, ал жазаланууга тийиш, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG