Жанкечтинин жардырган бомбасынан кеминде 15 киши каза таап, 30 дан ашууну жарадар болгон. Өлгөндөрдүн ичинде шаардык полициянын башчысы бар экендиги айтылууда. Бул тушта шаардын четиндеги Шифта кыштагында суннилердин жана шииттердин уруу башчылары элдешүү боюнча сүйлөшүү өткөрүп жаткан.