Мындай пикирин «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. «Президент митингинин талаптарына көңүл бурду. Бул жагынан ага оң баа бериш керек» деп белгиледи Кулов. Долбоорго токтолгон Феликс Кулов анда президенттин ыйгарым-укуктары күчөтүлгөнүн жана чырга алып келүүчү пункттар бар экенин эскертти. Конституциялык реформа ишке аша турган болуп жаткандан кийин быйыл элдик толкундолор болбойт, деди партиянын лидери. (AiT)