Штаб Ош облустук мамлекеттик администрациясында орун алып, 21-октябрдагы референдумга коюлуп жаткан Конституция долбоорунун маани-мазмунун калкка түшүндүрүү боюнча иш алып барат. Бул туурасында облмамадминистрациянын басма сөз кызматынан билдиришип, штабдын башчылыгына губернатор Жантөрө Сатыбалдиев бекитилгендигин айтышты. Жергиликтүү укук коргоочу Улукбек Максыталиев Акаев доорундагыдай эле президентке кошоматчылык кылып административдик ресурстар ачык пайдаланылып жатканына, республика демократиялык нуктан тайып бараткандыгына кабатырланды. (АТо)