“Сентябрь” телеканалынын чыгармачылык жамааты эмки айга күтүлгөн бүткүл элдик добуш берүү боюнча Жалалабат, Майлуусуу шаарлары менен Ноокен жана Базаркоргон райондорундагы тургундар арасында эки күндүк иликтөөсүн баштады. Жарандарга парламенттик шайлоодо кайсы партияларды жактаары жана партиялардын коом турмушунан алган орду тууралуу суроолор берилүүдө. Телеканалдын түштүк аймагындагы директору Асылбек Текебаевдин маалыматы боюнча сурамжылоого аталган аймактардан 200-250 адам тартылат жана телеканалдан атайын көрсөтүлөт. (YA)
17:49 Жалалабатта “Сентябрь” телеканалы партиялар жөнүндө эл ичинде сурамжылоо жүргүзүүдө