Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

7:10 Иран менен соода, энергетика жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Бүгүн өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары; айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрликтеринин жетекчилери Ирандын соода министрлигинин эксперттик делегациясы менен жолугушмакчы. Анда Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода алмашууну көбөйтүүгө арналган маселе боюнча сүйлөшүүлөр болот. Аталган делегация кечээ Кыргызстандын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри менен жолугушкан. Бул жолугушуулар Кыргызстан жана Иран Республикасынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий жактан кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссияларынын декабрь айында өтүүчү жыйыны үчүн негиз болуп бермекчи.
2006-жылы Иран менен Кыргызстандагы соода алмашуу 15,4 млн долларды түзгөн. Анын ичинен экспорт 7,3 млн дооларды, ал эми импорт 8,1 млн долларды түзөт. (ZKo)
XS
SM
MD
LG