Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:26

7:20 Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин иш сапары уланууда


Ушул тапта премьер-министр Нарын облусунда жүрөт. Алмазбек Атамбаев кечээ Миңкуштагы уран калдыктары көмүлгөн жайда, Каракече көмүр кенинде жана Акталаа райондорунда болду. Өкмөт башчы бүгүн Атбашы, Жумгал жана Кочкор райондорундагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушат. Премьер-министрдин Нарындагы иш сапары бүгүн аяктайт.
Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG