Бул тууралуу Пакистандын Башкы прокурору Малик Мохаммед Кейюм Жогорку соттун жыйынында билдирди. Пакистандын президенти Парваз Мушаррафтын каршылаштары анын бир учурда эле мамлекет башчы да, аскер башчы да болуп отурганы октябрь айында болуучу шайлоого катышуусуна жол бербей тургандыгын айтып, сотко беришкен. Мушарраф өзү болсо эгер президент болуп шайланса, аскер башчылык кызматтан кете тургандыгын билдирүүдө.