Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

13:00 Ж. Сапарбаев: Референдум аркылуу Президент хандык орноткону жатат


21-октябрга белгиленген референдумга каршы пикирин “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында референдум бир нече мыйзам бузуулар менен коюлуп жатат. "2003-жылкы конституция боюнча референдумду коюуга президенттин укугу бар, бирок референдудмдун аткарылышын көзөмөлдөгөн мыйзамга кол коюла элек жана бул мыйзам иштебейт. Бир гана мыйзам бар, ал 1991-жылы М. Шеримкуловдун убагында кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча референдум белгиленген мөөнөтүнөн бир ай мурун жергиликтүү шайлоо коммиссиялары түзүлүш керек эле, бирок бул жерде да БШК мыйзам бузуп, он күн ичинде коммиссия аныкталат деп жатат. Мындай шашылыш кадамдар менен президент өз бийлигин бекемдөөнү көздөп жатат”,- дейт жаш саясатчы. (ESu)

XS
SM
MD
LG