Тоолуу аймактарга электр жарыгын берүү үчүн суу ресурсун пайдалануу боюнча ПРООНдун долбоору Ысыккөл облусун пилоттук аймак катары аныктады. Долбоордун менеджери Эмил Богонбаевдин айтуусунда, көлдө майда агым суулар арбын, ошон үчүн жалпы 13 кичи ГЭС курулат. Аксуу, Аксай, Эңилчек өрөөнүндө орнотулган 200 ваттан 5 киловатка чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтер жакшы натыйжа берүүдө. Барскоон, Семеновка жана башка капчыгайлардын шар сууларынан 20-30 киловатка чейин электр энергия өндүрүүгө болот. Бирок ага 60-70 миң доллар керектелет. Долбоордун адистери эми ага Глобалдык экология фондунан каражат сурап жатышат. (RB)