Мындай пикирин мурдагы министр, учурда АКШдагы Масачусетс университетинин студенти Равшан Жээнбеков кечээ кыргыз элине жасаган кайрылуусунда билдирген. Анда Башмыйзамдын жаңы долбоорун Референдумга коюу менен президент Курманбек Бакиев бийликти өз колуна топтоого жетишкен, өкмөткө эч кандай укук берилген эмес, “президент дайындайт”, “президент сунуш кылат”, “президент бошотот” деген сөз айкаштарынын артында бийликтин бардык бутактарынын жана миллиондогон элдин тагдырын бир киши чечүү коркунучу турат, деп жазылган. Кайрылуу ээси ошондой эле Башмыйзамдын жаңы долбоорундагы 46; 58; 60; 64; 73 жана 74-беренелерин сөзсүз түрдө кайра карап чыгып, алмаштыруу али бекемделе элек Кыргызстан үчүн аба менен суу сыяктуу эң зарыл, деп эсептейт.
Президент Курманбек Бакиев болсо өз кайрылуусунда долбоордо конституциялык реформанын жалпы идеялары камтылганын белгилеген. (ZKo)
Президент Курманбек Бакиев болсо өз кайрылуусунда долбоордо конституциялык реформанын жалпы идеялары камтылганын белгилеген. (ZKo)