Грузиянын жикчил аймагы – Түштүк Осетияда жакында грузин коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууда каза тапкандардын бири орусиялык офицер. Бул тууралуу Грузин президенти Михаил Саакашвили БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө билдирди. Ал эми Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин Саакашвилинин мындай ырастоосун төгүндөдү.