Министр Эднан Карабаев иш сапарынын алкагында 1-октябрдан 3-октябрга чейин Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 62-Сессиясынын ишине катышат. Мындан сырткары Э. Карабаев Евробиримдиктин үчилтигинин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)