Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

15:53 Эртең Жогорку Кеңеш Баш прокурордун сунушу боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын карайт


Бул тууралуу бүгүн комиссия төрагасы, депутат Дооронбек Садырбаев "Азаттыкка" билдирди. Баш прокуратура Аксы окуясы боюнча депутат Султан Урманаевге айып тагууга уруксат сурап Жогорку Кеешке кайрылган болчу. Анын негизинде түзүлгөн парламенттик комиссия мурдагы жумада өзүнүн отчетун жарыялап, анда Аксы окуясы боюча 41 адамды жоопкер катары белгилеген жана алардын ичинде экс-президент Аскар Акаевди, азыркы президент Курманбек Бакиевди, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кол тийбестигинен ажыратып, эл аралык сотко кайрылуу сунушталган. Ал эми депутат, экс-губернатор Султан Урманаевге байланышкан ишке аталган маселелер бир ыктай чечилгенден кийин кайрылуу сунушталган. Отчетту талкуулоо референдумдун жарыяланышына байланыштуу убактылуу токтотулган болчу. Буга чейин торага Марат Султанов чектелген белгиленген мөөнөт аяктап калгандыгына байланыштуу отчеттун негизинде Жогорку Кенеш сунушка каршылык билдирген катын башкы прокуратурага жолдоп жатканын апта башында билдирген. Мыйзам боюнча катка Жогорку Кенш Баш прокуратурага жоопту 3 айдан кеч эмес убакта бериши керек болчу. (BuS)

XS
SM
MD
LG