Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев Токмок шаарында өткөн жыйында билдирди. Жыйында президент социалдык-экономикалык кырдаалга токтолуп, Конституциялык реформанын маанисин түшүндүрдү. Президенттин пикиринде реформа демократияны өнүктүрүү, саясий күчтөрдүн ролун жогорулатуу, бийликтин жоопкерчилигин арттыруу максатын көздөйт. 21-окятбрдагы референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдагы башкы өзгөчөлүк катары саясий партияларга артыкчылыкты белгиледи. Президенттин айтымында, партиялык тизме менен шайлоого негизделген кодексте бир жыныстуу жарандар 70%тен ашпагыдай, жаштар, ар улуттун өкүлдөрү 15%тен кем болбогудай жоболор киргизилгенди. (BuS)